# 377-берене. Айрым учурларда салыктык базаны аныктоо өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 377-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-377

---

1. Жалпы менчиктеги же бир нече субъекттин пайдалануусундагы мүлк объекти боюнча ар бир субъект төлөөгө тийиш болгон мүлк салыгынын суммасын эсептөө үчүн салыктык база укук күбөлөндүрүүчү документ менен белгиленген же менчик ээлеринин/пайдалануучулардын макулдашуусу менен аныкталган мүлк объектине ээлик кылуунун же пайдалануунун үлүшүнө пропорциялуу аныкталат.

2. Ушул Кодекстин 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн, ижара келишиминин негизинде убактылуу пайдаланууга берилген имарат, жай, курулма же жер участогу боюнча салыктык база ижара келишими менен аныкталат. Көрсөтүлгөн ижара келишиминде ижарага берилүүчү мүлк объекттин же анын бир бөлүгүнүн аянты мүлк объектине укук күбөлөндүрүүчү документтеги маалыматтарга ылайык аныкталат.

3. Имаратка, жайга, курулмага же жер участогуна укук күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда салыктык база салык кызматынын тиешелүү органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн курамындагы комиссия тарабынан физикалык өлчөөлөргө ылайык аныкталат.

4. Имаратты, жайды же жер участогун физикалык өлчөөнү жүзөгө ашыруу датасы жана убактысы жөнүндө салык кызматынын органы жер участогун өлчөө күнүнө чейин 3 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө иш жүзүндө пайдалануучуга кабарлайт.

5. Ушул Кодекстин 97-беренесинде каралган тартипте кабарланган шартта, белгиленген убакытта өлчөнүүгө тийиш болгон имараттын, жайдын, курулманын же жер участогунун иш жүзүндө пайдалануучусу жок болгон учурда, мындай мүлк объектин физикалык өлчөө анын катышуусуз, имараттын, жайдын, курулманын же жер участогунун тышкы контуру боюнча же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтары жана документтери боюнча жүзөгө ашырылат.

6. Салык төлөөчүнүн имараттары, жайлары, курулмалары жана/же жер участоктору же алардын бир бөлүгү иштин белгилүү бир түрү, ошондой эле анын кызматкерлерин тейлөө үчүн гана колдонулуучу администрациялык, өндүрүштүк, көмөкчү, социалдык жана башка функциялык багыттагы имараттардан, жайлардан жана курулмалардан турган бирдиктүү комплексти түзгөн учурда имаратка, жайга жана жер участокторуна мүлк салыгын эсептөө максатында иштин ушул түрүнө ылайык келген көрсөтүлгөн комплекстин же жер участогунун функциялык багытынын бирдиктүү коэффициенти колдонулат.

7. Эгерде ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө башкача белгиленбесе, салык төлөөчүнүн имараттары, жайлары, курулмалары жана/же жер участоктору же анын бир бөлүгү башка салык төлөөчүгө убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилген учурда же ушул Кодекстин 397-беренесинин 3-бөлүгүндө же 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн классификацияга ылайык салык төлөөчү тарабынан мүлк объектинин ар кандай функциялык багытына шайкеш келген иштин ар кандай түрлөрү үчүн пайдаланылса, имаратка, жайга, курулмага жана жер участокторуна же алардын бөлүктөрүнө мүлк салыгын эсептөө максатында төмөнкүлөргө ылайык келген функциялык багыттагы коэффициенттердин эң чоңу колдонулат:

1) укук күбөлөндүрүүчү документке ылайык мүлк объектинин функциялык багытына;

2) мүлк объектин иш жүзүндө пайдаланууга.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-376)  
Кийинки берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-378)
