# 375-берене. Салык салуу объекти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 375-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-375

---

1. Төмөнкүлөр мүлк салыгы салынуучу объект болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасында катталган же катталууга тийиш болгон мүлк объекттерине карата менчик укугу;

2) Кыргыз Республикасында катталган же катталууга тийиш болгон мүлк объекттерине чарба жүргүзүү укугу;

3) муниципалдык же мамлекеттик менчикте турган жерлер боюнча жерди убактылуу пайдалануу укугу;

4) дем алуу, эс алуу жана көңүл ачуу үчүн пайдаланылуучу мүлктүн бөлүгүндө ыкчам башкаруу укугу;

5) ижара келишиминен келип чыккан мамлекеттик жана/же муниципалдык мүлк объекттерин пайдалануу укугу;

6) ижара келишиминен келип чыккан, ушул бөлүмгө ылайык салык салуудан бошотулган мүлктү пайдалануу укугу.

2. Ушул Кодексте каралган айрым учурларда мүлк объектине иш жүзүндө ээлик кылуу жана пайдалануу салык салуу объекти деп таанылат.

3. Салык салынуучу объект болуп саналбаган мүлктүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [374-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-374)  
Кийинки берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-376)
