# 374-берене. Мүлк объекттерин пайдаланууга (ижарага) берүүдө мүлк салыгын төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 374-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-374

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги мүлк объекттерин, ошондой эле салык салуудан бошотулган субъекттерге таандык же алардын пайдалануусунда турган мүлк объекттерин пайдаланууга (ижарага) берүүдө пайдалануу же ээлик кылуу укугу мүлк объектине менчик укугун каттоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган учурларды жана 409-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерди кошпогондо, мүлк салыгын төлөөчү болуп ижарага берүүчү саналат.

11. Мүлк объекттерин финансылык ижарага берүүдө лизинг берүүчү мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат.

2. Ушул берененин 1 жана 11-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда мүлк салыгы төмөнкүлөрдөн алынат:

1) салыктын суммасын келишимде бөлүп көрсөтүү менен мүлк объекттерин ижарага берүү келишиминин алкагында ижарачыдан ижарага берүүчү тарабынан, ал ижарага берүүчү тарабынан бюджетке төлөнөт;

11) келишимде лизинг берүүчү тарабынан бюджетке төлөнүүчү салыктын суммасын бөлүп берүү менен мүлк объектин финансылык ижарага алуу келишиминин алкагында лизинг алуучудан лизинг берүүчү тарабынан;

2) мүлк объекттери үчүн ушул бөлүмдө белгиленген ставкалар боюнча жана коэффициенттерди колдонуу менен.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-373)  
Кийинки берене: [375-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-375)
