# 373-берене. Мүлк салыгын төлөөчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 373-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-373

---

1. Мүлк салыгын төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган же пайдаланылуучу төмөнкү мүлк объектине карата уюм, жеке ишкер жана жеке адам:

а) ушул беренеде башкача белгиленбесе, анын менчик укугуна таандык;

б) убактылуу пайдалануу укугунда жер участогу пайдаланууда турган;

в) финансылык ижара же ипотекалык насыя келишими боюнча алынган;

г) колдонууда турган курулмалар;

2) кийин сатып алуу менен ижара келишими боюнча алынуучу турак жай имараты же жайы боюнча мамлекеттик турак жай программасынын катышуучусу;

3) чарба жүргүзүү укугунда ага өткөрүлүп берилген мүлккө карата мамлекеттик жана муниципалдык ишкана;

4) ушул Кодекстин 47-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү өзү ижарага берген, ошондой эле эс алуу, бош убактысында жана көңүл ачуу үчүн пайдаланылуучу мүлктүн бөлүгүндө.

5) турак жай ссудасы келишими боюнча сатып алынган мүлк объектине карата жеке жак.

2. Жалпы менчиктеги же бир нече субъекттин пайдалануусундагы мүлк объекти боюнча мүлк салыгын төлөөчү болуп укукту күбөлөндүрүүчү документтерде белгиленген же тараптардын макулдашуусу менен аныкталган үлүштөгү субъекттердин ар бири саналат.

3. Мүлккө болгон укукту каттоо, мүлк объектине укук күбөлөндүрүүчү документи жок болгон, мүлктүн менчик ээсин аныктоо мүмкүн болбогон учурда, мүлк салыгын төлөөчү деп табуу үчүн мындай мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу негиз болуп саналат.

4. Ипотекалык турак жай насыяларын берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын менчигинде турган турак жай имараты же жайы, ошондой эле аларды курууга бөлүнгөн жер участогу боюнча мүлк салыгын төлөөчү болуп мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен ижара келишимине ылайык пайдалануусуна берилген ар бир субъект саналат.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 373-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.

---

Мурунку берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-372)  
Кийинки берене: [374-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-374)
