# 372-берене. Ушул бөлүмдө пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 372-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-372

---

Ушул бөлүмдө төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) имарат - адамдардын жашоосу, өндүрүштүк, чарбалык же башка иштери, өндүрүштү жайгаштыруу, продукцияларды сактоо же жаныбарларды багуу сыяктуу белгилүү бир керектөө иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында курулуш иштеринин натыйжасында түзүлгөн жайлар менен жер үстүндөгү курулуш курулмасынын бир түрү. Имарат жер астында эксплуатациялануучу жайга да ээ болушу мүмкүн. Жер үстүндөгү бөлүгү жок курулма имарат болуп эсептелбейт;

2) турак жай эмес имарат - өндүрүштү, сооданы, коомдук тамактанууну, кызмат көрсөтүүнү, иштин башкаруучулук жана башка түрлөрүн уюштуруу максатында пайдаланууга арналган имарат;

3) турак жай эмес жай - баштапкы долбоордо каралган же болбосо мыйзамдарда белгиленген тартипте турак жайдын багытын өзгөртүүнүн натыйжасында мындай статус алган, өндүрүштү, сооданы, коомдук тамактанууну, кызмат көрсөтүүнү, иштин башкаруучулук жана башка түрлөрүн уюштуруу максатында пайдаланууга арналган жай;

4) мүлк объекти - салык төлөөчүнүн менчигинде/пайдалануусунда турган, ошондой эле ижара келишиминин, финансылык ижара келишиминин негизинде пайдалануучуга берилген имарат, жай, курулма, жер участогу же мындай мүлктүн бир бөлүгү;

4-1) турак жай мүлк объекти - турак жай имаратынын же турак жайдын, ошондой эле ушул имарат же жай жайгашкан үйдүн жанындагы, короо жайдын же багбанчылык-чарбак жер участогунун жыйындысы; 4-2) турак жай эмес мүлк объекти - турак жай эмес имараттын, турак эмес жайдын же курулманын, ошондой эле турак эмес имараттын, турак эмес жайдын же курулманын ээсинин менчигинде/пайдалануусунда турган, ошондой эле ижара, финансылык ижара келишиминин негизинде пайдалануучуга берилген калктуу конуштун жер участогунун же айыл чарба багытындагы эмес жер участогунун жыйындысы;

5) жай - өзүнчө пайдалануу үчүн бөлүнгөн имараттын мейкиндигинин бөлүгү;

6) укук күбөлөндүрүүчү документ - мүлк объектине менчик укугун каттоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөргө берилүүчү документ:

а) имараттарга, жайларга - кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту;

б) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) жер участогуна - жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт, жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт, убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк, жер үлүшүнө жеке менчик укугу тууралуу күбөлүк;

7) курулма - жердеги, жер үстүндөгү жана/же жер астындагы бөлүктөрүнө ээ болгон, тирөөчтөн, ал эми айрым учурларда тосмо курулуш конструкцияларынан турган көлөмдүү, тегиздик же линиялык объектти билдирген жана ар кандай түрдөгү өндүрүштүк процесстерди аткарууга, адамдарды жана жүктөрдү ташууга, ошондой эле аталган объектти оңдоо, техникалык тейлөө үчүн адамдардын убактылуу болуусуна арналган курулуштун жыйынтыгы. Курулмаларга ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн арналган жана/же пайдаланылуучу күркөлөр, контейнерлер сыяктуу металлдан жана башка конструкциялардан турган убактылуу жайлар да кирет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-371)  
Кийинки берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-373)
