# 371-берене. Салыкты төлөө жана салык отчетун берүү мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 371-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-371

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык төлөөчү тарабынан сатуудан алынуучу салык эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен ай сайын төлөнөт.

2. Сатуудан алынуучу салык салык төлөөчү болуп саналган чакан ишкердиктин субъекти, анын ичинде жаңы түзүлгөн салык төлөөчүлөр тарабынан эсептик катталган жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен квартал сайын төлөнөт.

3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса сатуудан алынуучу салыктан бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо,, салык төлөөчү тарабынан салык отчету эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен ай сайын берилет.

4. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулган субъектти кошпогондо, чакан ишкердик субъекти тарабынан салык отчеттуулугу эсептик каттоо орду боюнча квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен, анын ичинде кайрадан түзүлгөн салык төлөөчүлөр үчүн берилет.

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 4-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

5. Эсептик каттоо жок болгон учурда сатуудан алынуучу салык учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча төлөнөт.

(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, 371-статьянын, тыныш белгиси “,” кайталанган.

---

Мурунку берене: [3701-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3701)  
Кийинки берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-372)
