# 37-берене. Салыктардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=2264..13809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 37-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-37

---

1. Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салыктар, жергиликтүү салыктар белгиленет.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар деп ушул Кодексте белгиленген жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөнүүгө милдеттүү салыктар эсептелет.

3. Жергиликтүү салыктар деп ушул Кодексте белгиленүүчү жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилүүчү, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында төлөнүүгө милдеттүү болгон салыктар түшүнүлөт.

4. Салыктардын жалпы мамлекеттик түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) пайда салыгы;

3) КНС;

4) акциз салыгы;

5) жер казынасын пайдалануу салыгы;

6) сатуудан алынуучу салык.

5. Жергиликтүү салыктарга мүлк салыгы кирет.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-38)
