# 368-берене. Салыктын ставкасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=34825..36891>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 368-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-368

---

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, сатуудан алынуучу салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) КНС салынуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө:

а) соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн - 1 пайыз өлчөмүндө;

б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн - 2 пайыз өлчөмүндө;

2) салык салынбаган же КНС төлөөдөн бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө:

а) соода иши жана товарларды өндүрүү чөйрөсү үчүн - 2 пайыз өлчөмүндө;

б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн - 3 пайыз өлчөмүндө.

2. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде ушул бөлүктө башкасы белгиленбесе, сатуудан алынуучу салыктын ставкасы банк үчүн - 2 пайыз, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн жана виртуалдык активди сатууда - 5 пайыз, жаңыдан курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча ишкердик субъекттеринин иши үчүн - 2 пайыз, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары үчүн - 2 пайыз, топтолмо пенсиялык фонддор үчүн - 1 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

4. Төмөнкүлөрдүн дарегине товарларды сатып өткөрүүдө сатуудан алынуучу салыктын ставкасы:

1) патенттин негизинде ишти жүзөгө ашыруучу субъекттин, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттин дарегине - төлөө учурунда төмөнкүдөй белгиленет:

а) накталай эмес формада - 1 пайыз өлчөмүндө;

б) накталай формада - 2 пайыз өлчөмүндө;

2) жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине - 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет;

3) өзгөчө режимдеги соода зоналарында ишке салыктын негизинде иш жүргүзгөн субъекттин - төлөө учурунда төмөнкүлөр белгиленет:

а) накталай эмес формада - 1 пайыз өлчөмүндө;

б) накталай формада - 2 пайыз өлчөмүндө.

5. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-367)  
Кийинки берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-369)
