# 3661-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгуу датасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-3661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 3661-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3661

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу салыктык эсепке алуу усулуна ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражатты таануу датасында жана/же ушул Кодекстин 366-беренесинде каралган кирешенин келип чыгуу датасында пайда болот.

2. Кайрадан курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу боюнча иш үчүн салык милдеттенмесинин пайда болуу датасы болуп эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүү датасы, контролдук-кассалык чек чыгарылган дата же бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша төлөм алынган дата эсептелет.

(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-366)  
Кийинки берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-367)
