# 366-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 366-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-366

---

1. Эгерде бул беренеде башкасы каралбаса, салыктык база болуп КНС жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда ишкердик иштен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча саналат.

2. Мүлктү ижарага берүүдө салыктык база болуп КНС жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаган ижара акысы саналат.

3. Металлургиялык кендерди кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдар үчүн салыктык база болуп, КНС эсепке албаганда, металлургиялык кайра иштетүүдөн кийин сатылган продукциянын наркы менен кайра иштетилгенге чейин сатып алынган кендин наркынын ортосундагы айырма саналат.

4. Лотереялык иш боюнча салыктык база болуп КНС эсепке албаганда лотереялык билеттерди сатуудан түшкөн акча менен төлөнгөн байге фондунан түшкөн акчасына туура келген суммасынын ортосундагы айырма саналат.

5. Банк үчүн салыктык база болуп негизги каражаттарды, товарларды сатуудан түшкөн акча, пайыздык кирешелер, негизги каражаттарды сатуудан финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган пайыздык кирешелерди кошпогондо, валюталык операциялардын чыгымдарын алып салуу менен валюталык операциялардан түшкөн кирешелерди кошкондо, жумуштарды аткаруудан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше саналат.

6. Акцияларды, уюмдагы үлүштөрдү, валютаны, виртуалдык активди, негизги каражаттарды, товарларды исламдык каржылоого ылайык сатууда салыктык база болуп сатып алуу наркын алып салуу менен аларды сатуудан түшкөн акчасы саналат.

7. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, карыздык баалуу кагаздарды сатууда салык төлөөчүнүн салыктык базасы болуп карыздык баалуу кагаздарды сатып алуу наркын алып салуу менен аларды сатуудан түшкөн акчалар саналат.

Карыздык баалуу кагаздарды сатууда ачык кызыкчылыктын субъектисинин салыктык базасы болуп сатуу күнүнө карата дисконттун жана/же сыйакынын амортизациясын эске алып, сатып алуунун наркын алып салуу менен купонду эсепке албастан карыздык баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча саналат.

8. Камсыздандыруу уюму үчүн салыктык база КНС жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан товарларды, жумуштарды сатуудан, кайра камсыздандыруу келишими боюнча кайрадан камсыздандыруучуга тиешелүү болгон камсыздандыруу сыйакыларынын суммасын чыгарып салгандан кийин жана агенттик сый акынын суммаларын чыгарып салгандан кийин, башкача айтканда камсыздандыруу сыйакыларынын камсыздандыруу уюмунун иш жүзүндөгү тескөөсүндө калган бөлүгү сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражат болуп саналат.

Камсыздандыруунун топтолмо түрлөрү боюнча. салыктык база сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан камсыздандыруу төлөмүнүн суммасын чыгарып салгандан кийин келип түшкөн камсыздандыруу сый акыларынын суммасы болуп саналат.

9. Аффинаждоо жана андан ары сатуу үчүн бардык түрдөгү алтынды жана/же күмүштү сатып алууда салыктык база болуп сатылган аффинаждалган алтындын жана/же күмүштүн наркы менен бардык түрдө сатып алынган алтындын жана/же күмүштүн наркынын ортосундагы айырма саналат.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3651-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3651)  
Кийинки берене: [3661-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3661)
