# 3651-берене. Агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүдө салык салынуучу объект

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3651>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-3651.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 3651-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3651

---

1. Агент тарабынан Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципиалдын атынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү деп принципиал жүзөгө ашыруучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү таанылат.

2. Төмөнкүлөрдүн тапшырмасы боюнча агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү:

1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципалдын, эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, агент тарабынан өзүнүн атынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү агенттин сатуусу болуп таанылат.

2) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү болуп саналбаган чет өлкөлүк уюмдун же резидент эмес жеке жактын - принципалдын, агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү деп таанылат;

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [365-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-365)  
Кийинки берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-366)
