# 365-берене. Салык салуу объекти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 365-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-365

---

1. Товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салык салуу объекти болуп саналат.

2. Төмөнкүлөр сатуудан алынуучу салык салуу объекти болуп саналбайт:

1) мүлктү менчик ээсинен төмөнкүлөргө өткөрүп берүү:

а) ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде ишенимдүү башкаруучуга;

б) жөнөкөй өнөктөштүк келишимине ылайык ушул өнөктөштүктүн ишин жүргүзүү боюнча милдеттенме жүктөлгөн субъектке;

2) ишенимдүү башкаруу же жөнөкөй өнөктөштүк келишими токтотулган учурда мүлктү менчик ээсине өткөрүп берүү;

3) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берүү;

4) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо;

5) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатуу;

6) ишкананы же анын өзгөчөлөнгөн бөлүмүн бир КНС салыгын төлөөчүнүн башка КНС салыгын төлөөчүгө же өткөрүп берүү учурунда ошондой болгон субъектке сатуу.

7) эл аралык ташуулар.

8) акцияларды, капиталдагы үлүштү же уюмга катышуунун башка үлүшүн ишке ашыруу боюнча иш кесиптик негизде жүзөгө ашырылган иш болуп саналган учурларды кошпогондо, уюмдун капиталындагы үлүштү же уюмга катышуунун башка үлүшүн ишке ашыруу.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 )

---

Мурунку берене: [364-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-364)  
Кийинки берене: [3651-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-3651)
