# 364-берене. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 364-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-364

---

1. Төмөнкүлөр тарабынан товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат:

1) айыл чарбалык өндүрүүчүсү жана/же машина-трактордук станция;

2) айыл чарба кооперативи;

3) кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар (жалпы оорунун 3-тобундагы майыптуулугу бар адамдардан тышкары) түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгек акынын жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптар коому, уюм жана жеке ишкер. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

4) мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн бала бакчалар);

5) иши ушул Кодекстин 183-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон иштин түрлөрүнө кирген өнөр жай ишканалары (тоо-кен кайра иштетүүчү, тоо-кен казып алуучу ишканаларды, ошондой эле акциздик товарларды чыгаруучу ишканаларды кошпогондо);

6) чек арага чектеш преференциалдык калктуу конуштарда катталган жана ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөр;

7) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер, ошондой эле бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрү;

8) диний ырасымдарды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды жүзөгө ашыруу, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү;

9) кайрымдуулук уюмдары;

10) ушул Кодекстин 295-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана шарттарда социалдык маанидеги объект жөнүндө келишим боюнча.

11) юридикалык жактардын бирикмеси, иш берүүчүлөр бирикмеси, коомдук бирикме тарабынан өз мүчөлөрүнүн жана/же катышуучуларынын дарегине;

12) пенсиялык камсыздоо, пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү жана почта байланышы тармагында лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн, мамлекеттин акциялары 50%дан ашыгын түзгөн акционерлердин саны бар дайындалган почта операторлорунун салттуу почта кызмат көрсөтүүлөрү;

13)(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.

15) бажы кампасынын аймагында.

2. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн коммерциялык эмес уюмдардын товарларды сатуусу, жумуштарды аткаруусу, кызматтарды көрсөтүүсү, төмөнкүлөр үчүн төлөм ушул товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдардан ашпаган шаргтарда бошотулат - 2031-жылдын 1-январына чейин:

1) балдарды же улгайган жаштагы аз камсыз болгон жарандарды социалдык камсыздоо жана коргоо үчүн;

2) билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө.

3) турак жай менчик ээлеринин шериктиктери тарабынан көп батирлүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналган мүлктү ижарага берүү боюнча.

3. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн төмөнкүлөрдү сатуу бошотулат:

1) турмуш-тиричиликтик максаттар үчүн жеке жакка электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын;

2) банк тарабынан:

а) алтындан жана/же күмүштөн аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды;

б) ушул келишимдер боюнча пайыздык кирешени кошпогондо, финансылык ижара келишими жана исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча негизги каражаттарды же товарларды;

3) баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган ата мекендик уюм болуп саналган аффинаждык ишкана тарабынан аффинаждалган, алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды.

4) Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорт каражаттарын, ошондой эле аларга тиешелүү комплекттөөчүлөрүн;

5) ТЭИ ТН 8703 товардык позициясында классификациялануучу жеңил автомототранспорт каражаттары - 2029-жылдын 1-январына чейин.

4. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъект тарабынан сатылуучу спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар сатуудан алынуучу салык төлөөдөн бошотулат. Спортту өнүктүрүүгө багыттылган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [363-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-363)  
Кийинки берене: [365-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-365)
