# 362-берене. Роялтини төлөөнүн жана салык отчетун берүү мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286442..2264>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 362-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-362

---

1. Салык төлөөчү роялтини төлөөнү эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ай сайын жүргүзөт.

2. Роялти салыгын төлөөчү болуп саналган чакан ишкердиктин субъектиси тарабынан, анын ичинде отчеттук кварталдын ичинде катталган салык төлөөчүлөр үчүн роялтини төлөө, отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен квартал сайын эсептик каттоо жери боюнча жүргүзүлөт.

3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, роялти салыгын төлөөчү тарабынан салык отчету эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен ай сайын берилет.

4. Роялти салыгын төлөөчү болуп саналган чакан же орто ишкердик субъектинин салык отчету эсептик катталган жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен квартал сайын берилет.

5. Эсептик каттоосу жок болгон учурда роялтини төлөө жана салык отчетун берүү учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча жүзөгө ашырылат.

6. Ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, өзүнө таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу салык отчетун бербейт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [361-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-361)  
Кийинки берене: [363-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-363)
