# 36-берене. Салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 36-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-36

---

1. Салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугу салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугунун принцибине ылайык бааланууга тийиш.

2. Ушул беренеге ылайык бааланууга тийиш болгон салыктык жеңилдиктердин тизмеги, ошондой эле салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоонун тартиби жана түрлөрү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында берилүүчү салык жеңилдиктерине ушул бөлүктүн жоболору жайылтылбайт.

3. Бул берененин максаттары үчүн салыктык жеңилдиктин натыйжалуулугу деп салык жеңилдиктерин колдонуу мезгилинде салык жеңилдиктерин берүүнүн максатына жетүү даражасын мүнөздөөчү салык төлөөчүлөр боюнча тийиштүү тармактын ишинин натыйжасы менен өткөн мезгилдин натыйжасынын катышы түшүнүлөт.

2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-37)
