# 358-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 358-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-358

---

1. Роялтинин салыктык базасы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) КНСти, сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан жана пайдалуу кендерди жеткирүүгө/ташууга чыгымдарды кошпостон түшкөн акча же алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, пайдалуу кендердин аларды кайра иштетүүгө чейинки өздүк наркы;

2) жер астынан алынган суунун өлчөгүч боюнча көлөмү;

3) салык мезгилинде сатылган металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы.

Металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болгон учурда, анда роялтинин салыктык базасы катары металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.

2. Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу химиялык таза металлдын наркы биржалык металлдын наркына жана металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында металлдын камтылышына жараша эсептелет.

Биржалык металлдын наркы салык мезгилинин ичинде металлдардын Лондон биржасындагы бааларынын котировкалары жарыяланган күндөрдөгү металлдарга баалардын күн сайын орточо котировкасынын суммасы менен металлдарга баалардын котировкасы жарыяланган салык мезгилиндеги күндөрдүн санынын ортосундагы орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.

3. Ушул главада биржалык металл деп наркы металлдардын Лондон биржасында котировкалануучу металл түшүнүлөт.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [357-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-357)  
Кийинки берене: [359-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-359)
