# 355-берене. Салык отчетун берүү жана төлөө мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 355-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-355

---

1. Ушул Кодекстин 351-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана жер казынасын пайдалануу укугун ырастоочу документ берилген күндөн тартып 30 күндөн кеч эмес эсептик катталган жер боюнча бонусту төлөйт.

2. Ушул Кодекстин 351-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана кийинки ай үчүн айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен эсептик катталган жери боюнча бонусту төлөйт:

1) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күрөөгө өндүрүп алуунун же андай укукту берүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугу өткөндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганда;

2) юридикалык жактын-жер казынасын пайдалануучунун уставдык капиталында менчик үлүшүнүн өзгөргөндүгүнө каттоо жүргүзүлгөндө;

3) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан пайдалуу кендердин запастарынын көбөйгөндүгү эсепке алынганда;

4) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияланган аянттын өлчөмүнүн көбөйгөндүгү же мурда билдирилбеген пайдалуу кендердин жаңы түрлөрүнө жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда.

---

Мурунку берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-354)  
Кийинки берене: [356-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-356)
