# 352-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 352-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-352

---

Төмөнкүлөр бонусту эсептөө үчүн салыктык база болуп саналат:

1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (жер алдындагы сууларды алууну кошпогондо) - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастарынын мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастарынын саны;

11) кум-шагыл аралашмасын жана суглинокторду казып алууда - арыз берүүчү тарабынан бекитилген жумуштардын программасында көрсөтүлгөн казып алуунун көлөмү, анын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда мамлекеттик каттоо жолу менен казып алууга укук берилет;

2) жер алдындагы сууларды алууда - алынууга тийиш болгон суунун билдирилген көлөмү;

3) пайдалуу кендерди чалгындоодо жана издөөдө - лицензияланган аянттын өлчөмү;

4) коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды жана декоративдүү максаттар жана таш менен жасалгалоо жана курулуш материалдары катары пайдалануу үчүн таш материалды жыйноодо -лицензияланган аянттын өлчөмү;

5) жер казынасын пайдалануу укугу өткөрүлгөндө, өткөрүп берилгенде - жер казынасын пайдалануучунун (иштетүү укуктары боюнча) отчетторуна ылайык көрсөтүлгөн учурда иштетилбей калган пайдалуу кендердин запастарынын саны же лицензияланган аянттын өлчөмү;

6) укук ээсинин уставдык капиталындагы менчик үлүштөрү өзгөргөндө - жер казынасын пайдалануучунун (иштетүү укуктары боюнча) отчетторуна ылайык көрсөтүлгөн учурда иштетилбей калган пайдалуу кендердин запастарынын саны же лицензияланган аянттын өлчөмү, ушул үлүштүн өзгөрүшүнө пропорциялуу;

7) пайдалуу кендердин запастарынын саны көбөйгөндө - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан эсепке алынган пайдалуу кендердин көбөйгөн запастарынын саны.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [351-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-351)  
Кийинки берене: [353-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-353)
