# 351-берене. Салык салуу объекти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 351-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-351

---

1. Төмөнкү максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу бонус салыгын салуу объекти болуп саналат:

1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, анын ичинде жер алдындагы сууларды алуу (жер алдынан чыгаруу);

2) пайдалуу кендерди чалгындоо;

3) пайдалуу кендерди издөө;

4) коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды жыйноо;

5) декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын жыйноо жана таш менен жасалгалоо жана курулуш материалдары катары пайдалануу.

2. Төмөнкүлөр да бонус салыгын салуунун объекттери болуп саналат:

1) күрөөнү өндүрүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугунун башка жакка өтүшү;

2) уставдык капиталдын катышуучуларынын (акционерлеринин) курамын жана/же үлүштөрүн (акцияларын) өзү менен кошо өзгөрүүгө алып келбеген юридикалык жактын мураскер болуусунун, аны кайра уюштуруунун натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жер казынасын пайдалануу укугун башка жакка өткөрүп берүү;

3) фонддук биржаларда листингден өткөн юридикалык жактарды жана жарандык мыйзамдарда каралган универсалдуу укуктун жолун жолдоочулуктун натыйжасында менчик үлүштөрүнүн өтүүсүн кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна ээ юридикалык жактын уставдык капиталында менчик үлүштөрүнүн (акцияларынын) өзгөрүшү;

4) кошумча чалгындоо жүргүзүүнүн, запастарын кайра эсептөөнүн же башка себептердин натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун берген учурда пайдалуу кен чыккан жерлердин болгон запастарынын санынын андан ары көбөйүшү;

5) жер казынасын пайдалануучуга берилген жер казынасынын участогунун өлчөмүнүн көбөйүшү;

6) жер казынасын пайдалануу укугуна алгач ээ болгон учурда билдирилбеген жаңы пайдалуу кендерди пайдалануу укугунун берилиши.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн учурлар ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугунун түрлөрүнө жайылтылат.

---

Мурунку берене: [350-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-350)  
Кийинки берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-352)
