# 347-берене. Акциздерден бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-347.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 347-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-347

---

1. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ченемдер боюнча жеке адамдар тарабынан импорттолгон акциздик товарларга акциздер салынбайт.

2. Төмөнкү импорттолуучу товарлар акциз төлөөдөн бошотулат:

1) жүктөрдү, багажды жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон товарлар, жол жүрүү учурунда жана орто жолдогу токтоо пункттарында;

2) ички керектөөлөр үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосун кошпогондо, ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу ташылуучу, ЕАЭБ бажы мыйзамдарында жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган товарлар;

3) конфискацияланган, ээсиз баалуулуктар, ошондой эле мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн баалуулуктар.

3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, экспорттолгон акциздик товарларга салык төлөөчү мындай товарларды экспорттоону ырастаган шартта акциз салынбайт.

Акциздерди төлөөдөн бошотуунун негиздүүлүгүн ырастоо үчүн салык төлөөчү учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органына бир эле убакта акциз боюнча салык отчету менен кошо ушул Кодекстин 303-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган документтерди берет. Мында салык төлөөчү акциздик товарлар жөнөтүлгөн күндөн тартып 180 календардык күндүн ичинде мындай документтерди салык органына берүүгө укуктуу. Ушул бөлүктө белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин акциздик товарларды экспорттоо ырасталган учурда, акциздердин төлөнгөн суммасы ушул Кодекстин 93-беренесине ылайык эсепке алууга жана/же кайтарып берүүгө тийиш. Мында экспортко акциздик товарларды сатуу ырасталбагандыгына байланыштуу эсептелген туумдун төлөнгөн суммасы кайтарып берилүүгө тийиш эмес. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтер ырасталбаган, тапшырылбаган же толук эмес көлөмдө тапшырылган же кийинки салыктык контролдоо процессинде алардын аныктыгы ырасталбаган учурда, мындай акциздик товарлар боюнча акциз Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды сатуу үчүн ушул бөлүмдө белгиленген тартипте эсептелет.

---

Мурунку берене: [346-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-346)  
Кийинки берене: [348-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-348)
