# 346-берене. Акциздик товарлардын жана акциздик жыйымдын маркаларынын бузулушу, жоголушу, маркалоо коддорун жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 346-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-346

---

1. Ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурларды кошпогондо, өндүрүлгөн акциздик товарлар бузулганда жана жоголгондо акциз толук өлчөмдө төлөнөт жана/же кайтарылбайт.

2. Ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурларды кошпогондо, акциздик марка жоголгон учурда акциздик маркалар сатып алынганга чейин же сатып алган учурда төлөнгөн акциз кайтарылып берилбейт.

3. Акциздик марка бузулганда акциз жыйымынын бузулган маркалары эсептен чыгаруу актысынын негизинде ыйгарым укуктуу банк тарабынан жок кылууга кабыл алынган учурда акциз төлөнбөйт. Маркалардын номиналдык наркы төлөнгөн шартта бузулган маркалардын ордуна жаңы акциздик маркалар акцизди кайрадан төлөөсүз берилет.

4. Алкоголдук продукцияны белгилөөгө арналган жоголгон акциздик маркалар боюнча акцизди эсептөө акциздик жыйымдын маркасында көрсөтүлгөн сыйымдуулукка ылайык идиштин максималдуу жол берилген көлөмүнө карата колдонулуучу белгиленген ставкаларга жараша жүргүзүлөт.

5. Идентификациялоо каражаттарына кайра түзүлгөн маркалоо коддору жокко чыгарылууга тийиш эмес.

6. Маркалоо коддорун жокко чыгаруу "Товарларды маркалоо" МАМТга жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

7. Маркалоо коддорун жокко чыгаруу тартибин Министрлер Кабинети белгилейт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-345)  
Кийинки берене: [347-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-347)
