# 345-берене. Маркаланууга тийиш болгон акциздик товарлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 345-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-345

---

1. Тизмеги ушул Кодекстин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды, ошондой эле жүзүм ширесин (ТЭИ ТН 220430 коду), битумдуу материалдардан алынган чийки мунайды жана чийки мунай заттарын (ТЭИ ТН 2709 00 900 1-2709 00 900 9 коду) жана суюлтулган көмүртек газын (ТЭИ ТН 2711 11 0000- 2711 19 0000 коду) кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу акциздик товарлар маркаланууга тийиш.

2. Маркалоо болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөндүгүн ырастоочу, бекитилген үлгүдөгү акциздик жыйымдын маркасын акциздик товарга же анын таңгагына түшүрүү/чаптоо; жана/же

2) эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөндүгүн ырастоочу маркалоо кодун түздөн-түз акциздик товарга, анын таңгагына же этикеткага түшүрүү жолу менен идентификациялоо каражаттарын түзүү жана "Товарларды маркалоо" МАМТга идентификациялоо каражаттарын түзүү жөнүндө маалыматтарды сөзсүз берүү.

3. Төмөнкүдөй алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары маркалоого жатпайт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары экспорттоо экспорттун бажылык жол-жобосуна ылайык жүзөгө ашырылган;

2) жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо (жөнөтүү) Министрлер Кабинети белгилеген ченемдердин чегинде жүзөгө ашырылган.

3) эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөндүгүн ырастоочу отун маркерин акциздик товардын курамына кошуу.

4. Идентификациялоо каражаттарынын же акциздик жыйымдын маркаларынын формасы, ишке киргизүү мөөнөтү, берүү жана колдонуу тартиби, өз ара соодада ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерди идентификациялоо каражаттарын таануу тартиби, ошондой эле алкоголдук маркалануучу продукцияны ташып кирүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартиби жана депозиттик төлөмдүн өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-344)  
Кийинки берене: [346-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-346)
