# 344-берене. Акциздин суммасын чыгарып салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 344-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-344

---

1. Эгерде аталган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу акциздик товарларды өндүрүү үчүн негизги чийки зат катары пайдаланылган болсо, акциз салыгын төлөөчү акциздин суммасын акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууда же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо төлөнгөн акциздин суммасына азайтууга укуктуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык эсептен чыгаруу салык мезгилинин ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу акциздик товарды өндүрүүгө акциздик чийки заттын иш жүзүндө пайдаланылган акциздик чийки заттын саны боюнча акциздин салык төлөөчүнүн салык саясатында каралган акциздик чийки заттан акциздик товарды чыгаруу ченемдеринин негизинде аныкталган суммасына жүргүзүлөт.

3. Ушул берененин ченемдери иштетип алма акциздик чийки заттын менчик ээсинин акцизди төлөөсү ырасталган шартта чийки зат катары пайдаланылган, иштетип алма акциздик чийки заттан даярдалган акциздик товарларды өткөрүп берүүдө да колдонулат.

4. Эгерде аталган товарлар экспорттолуучу акциздик товарды өндүрүү үчүн чийки зат катары пайдаланылган болсо, акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууда же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо төлөнгөн акциздик чийки зат үчүн акциздин суммасы чыгарып салынууга тийиш эмес.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-343)  
Кийинки берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-345)
