# 343-берене. Айрым учурларда акцизди төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 343-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-343

---

1. Эгерде маркалоо коддорун же акциздик маркаларды сатып алгандан кийин акциздин ставкалары азаюу же көбөйүү жагына өзгөрсө, идентификациялоо каражатын же акциздик жыйым маркасын сатып алууда төлөнгөн акциз салыгынын суммасы кайра эсептелүүгө тийиш эмес.

2. Акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары экспорттоодо акциз төлөөнүн өзгөчөлүктөрү ушул Кодекстин 347-беренесинде көрсөтүлгөн.

3. ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды ташууда акцизди төлөөнүн өзгөчөлүктөрү бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу, ЕАЭБ укугун түзүүчү эл аралык келишимдер жана актылар жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-342)  
Кийинки берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-344)
