# 342-берене. Иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн акциздик товарлар боюнча акцизди төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 342-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-342

---

1. Иштетип алма чийки заттан акциздик товар өндүргөн салык төлөөчү тарабынан салык органынын депозиттик эсебине төгүлгөн акциздин (депозиттин) суммасы салык органына тийиштүү арыз жана төмөнкүдөй документтер берилгенден кийин 20 күндөн кечтирбестен, анын банктык эсебине кайтарылууга тийиш:

1) акциз боюнча салык отчету;

2) иштетип алма чийки заттын менчик ээси менен үчүнчү жактын ортосунда акциздик товарды экспортко берүү жөнүндө келишимдин көчүрмөлөрү;

3) экспорттоону кошуп алганда, даяр акциздик товарды жөнөтүүгө эсеп-фактуранын же башка документтин көчүрмөлөрү;

4) иштетип алма чийки затты иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу төлөм документтери;

5) экспорттолгон акциздик товар үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу төлөм документтери;

6) акциздик товарды экспорттоого бажы декларациясы;

7) багытталган өлкөгө бажы декларациясы же багытталган өлкөгө импорттоону ырастоочу башка документ, алар:

а) тиркарнет;

б) эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагазы;

в) эл аралык темир жол катнашында жол-жоболоштурулуучу коштомо кагазы;

8) иштетип алма чийки заттын менчик ээсинин учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органынын анда салык карызы жоктугу жөнүндө маалымкат.

2. Эгер даяр акциздик товар иштетип алма чийки заттын менчик ээсине жана/же иштетип алма чийки заттын менчик ээсинин тапшырмасы боюнча экспортко жөнөтүлгөн күндөн тартып 90 күн өткөндөн кийин иштетип алма чийки заттан акциздик товар өндүргөн салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди тапшырбаса же толук эмес тапшырса, акциздин (депозиттин) суммасы бюджеттин кирешесине эсептелет жана кайтарылып берилбейт.

3. Акциздик товарды экспорттоо фактысы ырасталбаган учурда салык органынын депозиттик эсебине төгүлгөн акциздин (депозиттин) суммасы бюджеттин кирешесине эсептелет жана кайтарылып берилбейт.

4. Иштетип алма чийки заттын менчик ээсинин салык карызы болгондо депозиттик эсепке төгүлгөн ошол карызынын чегиндеги акциздин (депозиттин) суммасы кайтарылып берилүүгө тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-340)  
Кийинки берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-343)
