# 341-берене. Министрлер Кабинетинин укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 341-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-341

---

Министрлер Кабинети белгилүү мөөнөткө төмөнкүлөр боюн-ча чечим кабыл алуу укугуна ээ болот:

1) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда:

а) ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында пайда болгон салыктык карыздардын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды же бөлүп төлөөлөрдү банктык кепилдиктерсиз берүү жөнүндө;

б) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ставкалардын чектеринде салыктардын ставкаларын өзгөртүү жөнүндө;

в) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчетун кошпогондо, салык отчетун берүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө;

г) салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо жөнүндө.

2) социалдык мааниге ээ товарларга, ошондой эле кайра иштетүүнүн натыйжасында социалдык мааниге ээ товарлар болуп саналган чийки затка салык ставкаларын жана аларды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү жөнүндө.

Ушул пункттун максаттары үчүн социалдык мааниге ээ товарлар, ошондой эле кайра иштетүүнүн натыйжасы социалдык мааниге ээ товарлар болуп саналган чийки заттар деп, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө жана Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген товарлар түшүнүлөт."

3) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык органы тарабынан салык аудитин жүргүзүү жана ушул Кодексте каралган салыктык текшерүүлөрдүн айрым түрлөрүн токтото туруу укугу жөнүндө.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-34)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-35)
