# 339-берене. Төлөөнүн жана салык отчетун берүүнүн мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 339-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-339

---

1. Акциз төмөнкү мөөнөттөрдө төлөнөт:

1) Эгерде ушул пунктта башкасы белгиленбесе, идентификациялоо каражаты же акциздик жыйымдын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу акциздик товарлар боюнча - маркалоо коддору же акциздик жыйымдын маркасы сатылып алынганга чейин.

Идентификациялоо каражаты же акциздик жыйымдын маркасы акциздик продукцияны өндүрүүчүгө жана/же импорттоочуга берилген банк кепилдигинин суммасына, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте төлөөнү 40 календардык күнгө чейин кийинкиге жылдыруу менен берилет;

11) товардын ушул түрү боюнча ошол мамлекет менен идентификациялоо каражаттарын өз ара таанууда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин аймагынан импорттолуучу идентификациялоо каражаты менен гана белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлар боюнча - ЕАЭБге тиешелүү мүчө-мамлекеттин идентификациялоо каражаты менен белгиленген товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилгенге чейин;

2) ЕАЭБ мүчөлөрү болуп саналбаган мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон, идентификациялоо каражаты же акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон акциздик товарлар боюнча - ЕАЭБ укугун түзүүчү, бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана/же Кыргыз Республикасынын бажы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн аныкталган күнү;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана/же ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, идентификациялоо каражаты менен же акциздик салык маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон акциздик товарлар боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кеч эмес.

2. Өндүрүлүүчү акциздик товарлар боюнча акциз салыгын төлөөчү отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен, учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органына акциз боюнча салык отчетун ай сайын берүүгө милдеттүү.

21. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу акциздик товарлар боюнча акциз салыгын төлөөчү товарды импорттоо ишке ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен, учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органына кыйыр салыктар боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.

Кыйыр салыктар боюнча салык отчетуна ушул Кодекстин 320-беренеси менен белгиленген форма боюнча жана тартипте тиешелүү документтер тиркелүүгө тийиш.

3. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймактарынан акциздик товарлар импорттолгон учурда импортко акциз төлөө акциз салыгын төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча жүргүзүлөт.

4. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон акциздик товарлар боюнча акцизди төлөө фактысын салык органы тарабынан ырастоо товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга салык кызматынын органы тиешелүү белгини коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Импорттолгон товарлар боюнча акциз төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн, ошондой эле салык төлөөчү берген документтер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, салык кызматынын органы импортко акциз төлөө фактысын ырастоодон жүйөлүү баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [338-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-338)  
Кийинки берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-340)
