# 336-берене. Акциздин базалык ставкалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 336-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-336

---

1. Акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

| № | Акциздик товарлар | ТЭИ ТН коду | Өлчөө бирдиги (салык базасы) | Салыктын базалык ставкалары |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | Денатураланбаган этил спирти, этил спирти жана башка денатураланган бардык концентрациядагы спирт тундурмалары, буга өндүрүү укугуна лицензиясы бар болгон учурда товар өндүрүүчүлөргө же арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтөндүрүлгөн ширелерди, бальзамды, шарапты өндүрүү үчүн товар өндүрүүчүлөр тарабынан импорттолуучу же атайын керектөөчүлөргө норманын чегинде өндүрүү кирбейт | 2207 | литр | 350 сом |
| 2 | Арак | 220860 | литр | 300 сом |
| 3 | Ликер-арак ичимдиктери | 220830; 220870; 220890 | литр | 300 сом |
| 4 | Күчтөндүрүлгөн ичимдиктер, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар | 220840; 220850 | литр | 300 сом |
| 5 | Шараптар | 2204, буга 220410 жана 220430 кирбейт; 2205;2206 | литр | 100 сом |
| 6 | Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 2208201200-2208202900; 2208206200-2208208900 | литр | 200 сом |
| 7 | Шуулдап туруучу шараптар, анын ичинде газдалган шарап жана шампан | 2204; 2205;2206 | литр | 140 сом |
| 8 | Бөлүштүрүп куюлган жана бөлүштүрүлүп куюлбаган сыра | 2203 | литр | 30 сом |
| 9 | Шарап материалдары | 220430 | литр | 35 сом |
| 10 | Алкоголу аз ичимдиктер | 220890 | литр | 200 сом |
| 11 | Курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар | 2202 | литр | 100 сом |
| 12 | Тамеки буюмдары: |  |  |  |
| 1) | Чыпкасы бар сигареттер, чыпкасыз сигареттер жана папиростор: | 2402 | 1000 даана |  |
| 2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |  |  | 2250 сом |  |
| 2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 2500 сом |  |
| 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 2750 сом |  |
| 2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 3000 сом |  |
| 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 3250 сом |  |
| 2027-жылдын 1-январынан тартып |  |  | 3500 сом |  |
| 2) | Сигариллалар: | 2402 | 1000 даана |  |
| 2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |  |  | 2250 сом |  |
| 2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 2500 сом |  |
| 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 2750 сом |  |
| 2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 3000 сом |  |
| 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 3250 сом |  |
| 2027-жылдын 1-январынан тартып |  |  | 3500 сом |  |
| 3) | Сигаралар: | 2402 | 1 даана |  |
| 2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |  |  | 200 сом |  |
| 2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 250 сом |  |
| 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 275 сом |  |
| 2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 300 сом |  |
| 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 325 сом |  |
| 2027-жылдын 1-январынан тартып |  |  | 350 сом |  |
| 4) | Түтүктүү, чегүүчү, кальяндык тамеки (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катарында пайдаланылуучу тамекини кошпогондо): | 2403 | килограмм |  |
| 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрын камтуу менен |  |  | 4000 сом |  |
| 2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 31-декабрын камтуу менен |  |  | 4250 сом |  |
| 2027-жылдын 1-январынан тартып |  |  | 4500 сом |  |
| 5) | Ысытылган тамекиси бар цилиндр формасындагы буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы (стик), тамеки менен ысытылуучу капсула): | 2404 | тамеки аралашмасынын килограммы |  |
| 2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 3700 сом |  |
| 2024-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |  |  | 4100 сом |  |
| 2024-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда | 2404 | 1000 даана | 2500 сом |  |
| 2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 2750 сом |  |
| 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 3000 сом |  |
| 2027-жылдын 1-январынан тартып |  |  | 3250 сом |  |
| 6) | Чачылма түрдөгү ысытылма тамеки | 2404 | килограмм |  |
| 2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 4000 сом |  |
| 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 5000 сом |  |
| 2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 6000 сом |  |
| 2026-жылдын 1-январынан тартып |  |  | 7000 сом |  |
| 7) | Электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук: | 2404 | миллилитр |  |
| 2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда |  |  | 3 сом |  |
| 2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 13 сом |  |
| 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 15 сом |  |
| 2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 18 сом |  |
| 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда |  |  | 20 сом |  |
| 2027-жылдын 1-январынан тартып |  |  | 23 сом |  |
| 8) | Бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдары | 2404 | 1 даана | 100 сом |
| 9) | Электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары) | 8543 40 000 0 | 1 даана | 100 сом |
| 13 | Мунай продуктулары: |  |  |  |
| 1) | таш көмүр чайырын жогорку температурада ысытуудан чыккан май жана башка продуктулар; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн массасы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн массасынан жогору болгон ушул сыяктуу продуктулар: отун катары пайдалануу үчүн бензол | 2707 10 100 0 | тонна | 5000 сом |
| 2) | жаратылыш газ конденсаты, тыгыздыгы 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес 20 ºС жана массасы 1,0%дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсаты, башка | 2709 00 100 1; 2709 00 100 9 | тонна | 5000 сом |
| 3) | битуминоздук материалдардан алынган чийки мунай жана чийки мунай продуктулары | 2709 00 900 1-2709 00 900 9 | тонна | 0 сом |
| 4) | мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер, дистилляттар жана компоненттер | 2710 12110 - 2710 12 900; 2710 19 110 0 - 2710 19 150 0; 2710 19 250 0 - 2710 19 290 0; 2902 70 000 0 - 2902 60 000 0; 2909 19 900 0; 2921 42 000 1 | тонна | 10000 сом |
| 5) | башка мунай продуктулары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) | 2710 20 900 0 | тонна | 5000 сом |
| 6) | реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун | 2710 192100 | тонна | 2000 сом |
| 7) | дизелдик отун, газойлдор, оор дистилляттар | 2710 19 3100-2710 19 480 0; 2710 20 1100-2710 20 190 0 | тонна | 2000 сом |
| 8) | мазут | 2710 19510-2710 19 680 9; 2710203101-2710 20 390 9 | тонна | 2000 сом |
| 9) | Майлоочу майлар; башка майлар | 2710197100-271019980 0; 340319 900 0 | 1000 литр | 5000 сом |
| 10) | мунай продуктулары сыяктуу эле максаттарда пайдаланылуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлор | 3811 11 900 0; 3811 19 000 0 | тонна | 5000 сом |
| 11) | битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошундулар | 3811 21 000 0 | 1000 литр | 5000 сом |
| 12) | 2023-жылдын 1-июлунан тартып унаанын күйүүчү майы катары колдонулуучу СКГ | 271111000 0-271119000 0; 2901100001; 271121000 0 | тонна | 3000 сом |

End\_nocompare

2. Акциздин ставкасы белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Этил спиртин атайын керектөөчүлөр болуп этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана этил спиртин, алкоголдуу жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ченемдердин чегинде дезинфекциялоочу каражаттарды жана парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар саналат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Атайын керектөөчүлөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунун 4-пунктчасында акциз ставкасы керектөө таңгагында (идишинде) тамеки чийки затынын массасы көрсөтүлгөн шартта тамеки продукциясындагы тамеки чийки затынын массасына карата колдонулат. Эгерде кальян үчүн тамеки боюнча тамекинин чийки затынын массасы нетто салмагынын 20 пайызынан аз болсо, анда салык нетто салмагынын 20 пайызынан эсептелет. Керектөө таңгагында (идишинде) тамекинин чийки затынын салмагы жөнүндө маалымат жок болгон учурда акциздин ставкасы нетто салмагына карата колдонулат.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-335)  
Кийинки берене: [337-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-337)
