# 335-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 335-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-335

---

1. Акциз боюнча салыктык база болуп төмөнкүлөр саналат:

1) идентификациялоо каражаты менен же акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлардын физикалык көлөмү; жана/же

2) идентификациялоо каражаты менен же акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон сатылган акциздик товардын физикалык көлөмү; жана/же;

3) идентификациялоо каражаты менен же акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон импорттолгон акциздик товардын физикалык көлөмү; жана/же.

Ушул бөлүктүн максаттары үчүн сатылган акциздик товар деп менчик укугу сатып алуучуга өткөн акциздик товар түшүнүлөт.

4) иштетип алма негизинде чийки заттан Кыргыз Республикасынын аймагында өңдүрүлгөн акциздик товарлардын физикалык көлөмү.

2. Ушул берененин ченемдери товарлар өздүк же иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөнүнө карабастан колдонулат.

3. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден акциздик товарларды импорттоодо салык базасынын өлчөмүн түзөтүү ушул Кодекстин 321-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-334)  
Кийинки берене: [336-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-336)
