# 334-берене. Акциздик товарлардын тизмеги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 334-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-334

---

1. Акциздик товарлар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ТЭИ ТН 2207 товардык позициясында классификациялануучу 80 пайыз же андан ашык спирт концентрациясы менен денатураланбаган этил спирти жана башка бардык концентрациядагы денатураланган спирт тундурмалары;

2) угуттуу пиво, накта жүзүм шараптары, анын ичинде күчтөндүрүлгөн; ТЭИ ТН 2009 товардык позициясында көрсөтүлгөндөн башка жүзүм сусло, вермуттар жана өсүмдүк же жыпар жыттуу заттар кошулган башка накта жүзүм шараптары, ачытылган башка ичимдиктер (мисалы, сидр, перри, же алмурут сидри, бал ичимдиги); ачытылган ичимдиктердин аралашмалары жана ачытылган ичимдиктер менен алкоголсуз ичимдиктердин, алкоголу аз ичимдиктердин аралашмалары, башка жерде аталбаган же киргизилбеген, көлөмү 80% спирт концентрациясы менен денатураланбаган этил спирти; ТЭИ ТН 2203, 2204, 2205, 2206, 2208 товардык позицияларында классификациялануучу спирт тундурмалары, ликерлор жана башка спирт ичимдиктери;

3) ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, курамында кант кошумалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар;

4) ТЭИ ТН 2402 товардык позициясында классификациялануучу сигаралар, учтары кесилген сигаралар, сигариллалар (ичке сигаралар) жана тамекиден же аны алмаштыруучулардан жасалган сигареттер сыяктуу тамеки заттары;

5) ТЭИ ТН 2403 товардык позициясында классификациялануучу өнөр жайда жасалган тамеки жана тамекинин өнөр жайлык алмаштыруучулары сыяктуу тамекини камтыган башка заттар; "гомогендештирилген" же "калыбына келтирилген" тамеки; тамеки экстракттары жана эссенциялары;

6) ТЭИ ТН 2404 товардык позициясында классификациялануучу ысытылган тамеки жана ысытылган тамекиси бар заттар;

7) ТЭИ ТН 2404 товардык позициясында классификациялануучу электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн никотин камтыган суюктуктар, бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдары;

8) ТЭИ ТН 8543 40 000 0 товардык позициясында классификациялануучу электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотин жеткирүүнүн электрондук тутумдары);

9) битуминоздук породалардан алынган чийки мунай жана чийки мунай продуктулары, чийкилерди кошпогондо, битуминоздук породалардан алынган мунай жана мунай продуктулары; башка жерде аталбаган же киргизилбеген, 70% жана андан ашык масса мунай же мунай продуктуларын камтыган, битуминоздук породалардан алынган продуктулар, бул мунай продуктулары продуктулардын негизги түзүүчүлөрү болуп саналат; ТЭИ ТН 2707, 2709, 2710, 2902, 2909, 2921, 3403, 3811 товардык позицияларында классификациялануучу иштетилген мунай продуктулары.

10) ТЭИ ТН 2711 11 0000 - 2711 19 0000, 2901 10 0001 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль күйүүчү майы катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газы (СКГ).

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарлар идентификациялоо каражаты же акциздик жыйым маркасы менен белгилениши мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-333)  
Кийинки берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-335)
