# 330-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык КНС кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 330-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-330

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде КНС кайтарып берүү же андан бошотуу каралса, анда товарларды берүү, жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүү кийин кайтарып берүү менен КНС салынууга тийиш:

1) Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын расмий пайдалануусу үчүн;

2) Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын аккредитацияланган кызматкерлеринин, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке пайдалануусу үчүн.

2. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлерине, алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө карата ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген шарттар өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылат.

Өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциби Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы берген маалыматка ылайык ишке ашырылат.

3. Дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө жана башка субъекттерге КНС кайтарып берүү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

4. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган КНС кайтарып берүүнүн тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-329)  
Кийинки берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-331)
