# 329-берене. КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 329-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-329

---

1. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, салык органы тарабынан КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу, кайтарып берүү жөнүндө КНС төлөөчүнүн берген арызы алынган учурда, 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө КНС ашкан суммасынын өлчөмүн жана негиздүүлүгүн камералдык текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим чыгарылат, камералдык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча төмөнкүдөй чечим чыгарылат:

1) ырасталган сумманы көрсөтүү менен КНС ашып кеткен суммасын ырастоо жөнүндө; же

2) ырасталган сумманы көрсөтүү менен КНС ашкан суммасынын жарым-жартылай ырасталгандыгы жөнүндө; же

3) ырасталбаган сумманы көрсөтүү менен КНС ашкан суммасын ырастабоо жөнүндө.

2. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу менен КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү фактысы аныкталган учурда мурда кабыл алынган чечим жокко чыгарылат, ал эми орду толтурулган жана кайтарылган суммалар туумдарды эсептөө менен калыбына келтирилүүгө тийиш.

Туумдар КНС ашып кеткен суммасын банктык эсепке кайтарып берүүдө салык төлөөчүнүн банктык эсебине которулган күндөн тартып 0,09 пайыз өлчөмүндө эсептелет.

4. КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн, анын ичинде санариптик казыналык милдеттенмелердин эсебинен жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде арыз берилген датада бул салык төлөөчүгө карата анын салыктык милдеттенмелерине байланыштуу кылмыш иши козголгон болсо, КНС төлөөчүгө КНС ашкан сумманы кайтарып берүү жөнүндө арызды кароо жүргүзүлбөйт жана аны кароодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

6. Эгерде арыз берилген датага карата ушул салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына КНС менен байланышкан маселелер боюнча салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимине даттануу жөнөтсө, КНС төлөөчүнүн КНС ашкан сумманын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө арызы каралбайт.

7. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин КНС ашкан суммасы бюджеттин пайдасына салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен чыгарылат.

8. КНС ашкан суммасынын ордун толтуруунун жана кайтарып берүүнүн тартиби, товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги Миистрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [328-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-328)  
Кийинки берене: [330-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-330)
