# 327-берене. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча КНС ашкан сумманы кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-327>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-327.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 327-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-327

---

1. КНС төлөөчүгө КНС ашкан сумманы кайтарып берүү, КНС ашкан суммасын башка салыктарды төлөөгө которуу, ошондой эле ашкан сумманы бюджеттен КНС төлөөчүнүн эсебине которуу болуп саналат.

2. КНС төлөөчүгө КНС ашкан сумманы кайтарып берүү анын арызынын негизинде жүргүзүлөт.

КНС ашкан сумманы пайдалануу жөнүндө салык төлөөчүнүн арызынын жок болушу КНС, кийинки салыктык мезгилдеги КНС боюнча туумду жана салыктык санкцияларды төлөөнүн эсебине киргизүү катары каралат.

3. КНС төлөөчүгө КНС ашкан сумманы кайтарып берүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) анын салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздарын төлөөнүн эсебине;

2) товарлардын импортуна КНС төлөө эсебине;

3) КНС ашкан сумманы анын эсебине которуу.

4. КНС ашкан суммасы салык төлөөчүнүн эсебине товарлардын импортуна КНС боюнча милдеттенмени кошкондо, салыктардын башка түрлөрү боюнча салык карызы жок болгон учурда гана кайтарылууга тийиш.

5. КНС төлөөчүгө КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү КНСтин ашкан суммасынын негизсиз түзүлүшүнүн тобокелдик факторлорун талдоонун натыйжаларынын негизинде жүргүзүлөт.

КНСтин ашкан суммасынын негизсиз түзүлүшүнүн тобокелдик факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) КНСти кайтарып берүү арызы берилген датага карата КНСти төлөөчүнүн иш мөөнөтү 24 календардык айдан аз болсо;

2) КНС төлөөчү тарабынан КНС кайтарып берүү арызы берилген датага карата экспорттук берүүлөрдү жүзөгө ашыруу 12 салык мезгилинен аз болсо;

3) акыркы эки салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча эсептелген салыктардын суммасы текшерилген мезгил үчүн салык милдеттенмелеринин жалпы суммасынан 10 пайыздан ашса;

4) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына экспорттук берүүлөрдү жүзөгө ашырган учурда салык кызматынын маалымат тутумунда товарларды ташып кирүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган кыйыр салыктын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматтын жоктугу жана/же алардын КНС төлөөчүнүн салык отчету менен дал келбеши;

5) КНС боюнча салык отчетунун маалыматтарын жана/же электрондук эсеп-фактуралардын маалымат тутумунун маалыматтарын талдоонун натыйжалары боюнча аныкталган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө КНС төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү дал келбесе;

6) мурунку үч календардык жыл үчүн төлөнгөн салыктардын суммасы ордун толтурууга жана кайтарууга көрсөтүлгөн КНСтин ашыкча суммасынан аз болсо.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [326-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-326)  
Кийинки берене: [328-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-328)
