# 326-берене. КНС ашкан сумманын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 326-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-326

---

1. Эсепке алынууга жаткан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНС суммасы менен КНС төлөөчүгө салык салынуучу берүүлөр боюнча чегерилген КНС суммасынын ортосундагы оң айырма КНС ашкан сумма болуп саналат.

2. Белгилүү бир салык мезгили үчүн КНС төлөөчүнүн КНС ашкан суммасын эсептелген туумдун, салык санкцияларынын, кийинки салык мезгилинин КНС, ошондой эле бул КНС төлөөчүнүн импортуна КНС эсебине которуу КНС ашкан сумманын ордун толтуруу болуп саналат.

3. КНС ашкан сумманын ордун толтуруу КНС төлөөчүгө төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) КНС төлөөчүнүн арызы жок КНС боюнча анын туумун жана салык санкцияларын төлөө эсебине;

2) КНС төлөөчүнүн арызы жок кийинки салык мезгилинин КНС боюнча анын салык милдеттенмесинин эсебине;

3) КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде товарлардын импортуна КНС эсебине.

4) КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде салык агенти катары салык төлөөчү кармап калуучу КНСтин эсебине.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-325)  
Кийинки берене: [327-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-327)
