# 324-берене. Шарттуу эсептөөдө импортко КНС төлөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 324-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-324

---

1. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНС шарттуу эсептөө режимин колдонууга укуктуу.

Ушул берененин максатында импортко КНС шарттуу эсептөө деп КНС төлөө тартиби түшүнүлөт, ага ылайык, эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНС суммасын ушул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан кийин экспорттоо шарты менен казыналыктын тутумунда ачылган депозиттик эсепке төлөөгө милдеттүү.

2. Товарлардын экспорту импорттолгон товарларды эсепке алууга кабыл алган датадан тартып 180 күндүн ичинде ырасталган учурда, салык төлөөчү депозиттик эсепке төлөгөн импортко КНС суммасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген импортко КНС шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартибине жана шарттарына ылайык анын арызы боюнча салык төлөөчүнүн эсебине кайтарылат.

3. Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө ырасталбаган учурда депозиттик эсепке төлөгөн импортко КНС суммасы бюджетке которулат.

4. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү бюджетке импортко КНС төлөө менен товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууга укуктуу.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата:

1) товарлардын экспортун тастыктоо талап кылынбайт;

2) бюджетке төлөнгөн импортко КНСтин суммасын кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.

5. Ушул берененин 1 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген режимди колдонгон салык төлөөчү ушул бөлүмгө ылайык жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен бюджетке импортко КНС төлөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында негизги каражаттарды, товарларды жана материалдык эмес активдерди түздөн-түз өзү пайдалануу үчүн сатып алууга жана/же импорттоону жүзөгө ашырууга укуктуу.

Ушул бөлүккө ылайык алып келинген активдер импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин ээликтен ажыратылган учурда, салык төлөөчү мындай актив ээликтен ажыратылган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салыктык режим боюнча салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө өтүүгө милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-323)  
Кийинки берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-325)
