# 323-берене. Жөнөкөй шериктик келишимине ылайык берүүлөрдү жүзөгө ашырууда КНС төлөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 323-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-323

---

1. Жөнөкөй шериктик деп биргелешкен иш жөнүндөгү келишим, ошондой эле исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндөгү келишим түшүнүлөт.

2. Жөнөкөй шериктик ишинин алкагында келип чыгуучу салык салынуучу берүүлөр, жөнөкөй шериктик келишимине ылайык эсеп жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчүнүн салык салынуучу берүүлөрү деп таанылат.

3. Жөнөкөй шериктик иши үчүн сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алуу укугуна жөнөкөй шериктик келишимине ылайык эсеп жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү ээ болот.

---

Мурунку берене: [322-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-322)  
Кийинки берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-324)
