# 322-берене. Айрым КНС төлөөчүлөр тарабынан КНС төлөө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 322-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-322

---

1. Эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, ушул беренеге ылайык иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө КНС салынууга тийиш:

1) ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүү - 2031-жылдын 1-январына чейин;

2) ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жана сыныктардан жасалган зер буюмдарын өндүрүү - 2027-жылдын 1-январына чейин;

3) салык төлөөчүдөн сатып алынган ата мекендик айыл чарба продукциясын сатуу боюнча соода тармагына кирген, айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи же айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору катары салыктык каттоодон өткөн КНС төлөөчүнүн соода иши - 2030-жылдын 1-январына чейин. Ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнүн тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Ушул беренеде:

1) айыл чарба чийки затын өнөр жайлык кайра иштетүү деп конкреттүү өндүрүш объектинде тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн (даярдоонун) жыйынды же кезектешип аткарылган ар түрдүү технологиялык операциялардын айкалышуусу, ошондой эле алгачкы кайра иштетүү болгон айыл чарба чийки затынан даяр продукцияны өндүрүү менен байланышкан технологиялык операциялар түшүнүлөт;

2) тамак-аш продукциясы деп Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык тамак-аш азыктарын өндүрүүгө кирген продукция түшүнүлөт;

3) айыл чарба чийки заты деп Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык айыл чарбага кирген продукция түшүнүлөт;

4) (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) баалуу металлдардан жана баалуу, жарым баалуу, синтетикалык таштардан же аларсыз жасалган зергердик жасалгаларды, декоративдик жана башка буюмдарды жасоонун технологиялык операцияларынын жыйындысы зер буюмдарын өндүрүү деп түшүнүлөт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш боюнча салык төлөөчү тарабынан КНС бюджетке төлөөгө тийиш болгон жана ушул Кодекстин 314-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эсептелген КНС суммасы салык төлөөчү өз-өзүнчө эсепти жүргүзгөн шартта 80 пайызга азайтылат.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-321)  
Кийинки берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-323)
