# 321-берене. КНС жана кыйыр салыктар боюнча салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 321-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-321

---

1. Ушул бөлүмгө ылайык жараксыз деп таанылган эсеп-фактураларга негизделген фактылар боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор КНС боюнча салык отчетуна салык төлөөчү тарабынан киргизилүүгө жатпайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн ченеми өзгөртүүлөр жана толуктоолор КНС боюнча салык милдеттенмесин көбөйтүү жагына ишке ашырылган учурларга карата колдонулбайт.

3. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар сапатынын талаптагыдай жана/же комплектелбегенинен улам кайтарылган учурда, мындай товарларды ташылып келинген салыктык мезгил аяктаганга чейин кайтарып берүү жүзөгө ашырылган учурда, импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчетунда, ошондой эле товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда мындай товарлар боюнча маалыматтар чагылдырылбайт.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды мындай товарлар ташылып келинген салыктык мезгил аяктагандан кийин кайтарып берүүдө, мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча такталган салык отчетунда, ошондой эле товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылууга тийиш.

5. Ушул берененин максатында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлардын кайтарылышын ырастоочу документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [320-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-320)  
Кийинки берене: [322-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-322)
