# 320-берене. Товарларды импорттоодо салык отчетун берүү жана КНС төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-320>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-320.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 320-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-320

---

1. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарды импорттоодо салык төлөөчү учурдагы салыкты эсепке алуу орду боюнча салык органына товарды импорттоо жүзөгө ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен кыйыр салыктар боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.

Салык төлөөчү салык отчетун ушул бөлүктө көрсөтүлгөндөр менен бирге эле Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке ылайык салык органына документтерди берет.

2. Импорттолгон товарлар боюнча КНС салык төлөөчүнүн учурдагы салыкты эсепке алуу орду боюнча товарды импорттоо ишке ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен төлөнөт.

Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугуна ылайык төлөнүүгө эсептелген кыйыр салыктардын суммасы товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына шайкеш келиши керек.

3. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын жана салык отчетунун формасы жана толтуруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

4. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөө фактысынын салык органы тарабынан ырасталышы товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен же Министрлер Кабинети тарабынан каралган башка тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөнбөгөн же толук төлөнбөгөн, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, салык кызматынын органы импортко КНС төлөө фактысын ырастоодон жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

6. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан ташылып келүүчү товарлардан импортко КНС төлөө, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ЕАЭБ бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

7. Эгерде мурда Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык импортко КНС бошотуу каралгандан башка максаттарда пайдаланылган учурда, мындай товарлардын импортуна КНС ушул беренеде белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [319-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-319)  
Кийинки берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-321)
