# 319-берене. Салык отчетун берүүнүн жана КНС төлөөнүн мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 319-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-319

---

1. КНС боюнча салык отчету учурдагы салыкты эсепке алуу орду боюнча салык органына төмөнкү тартипте берилет:

1) ыйгарым укуктуу салык органынын функциялык бөлүмү тарабынан тескелбеген КНС төлөөчү же салык агенти тарабынан - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен;

2) ыйгарым укуктуу салык органынын функциялык бөлүмү тарабынан тескелген КНС төлөөчү же салык агенти тарабынан - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын акыркы күнүнөн кечиктирилбестен.

2. КНС отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен төлөнөт.

3. Эгерде салык агенти ушул бөлүмдө каралган салык милдеттенмесин кармап калбаса же толугу менен кармап калбаса, анда бул салык милдеттенмесин аткаруу жана ушул Кодекске ылайык аны аткарбоо жоопкерчилиги салык агентине жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-318)  
Кийинки берене: [320-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-320)
