# 317-берене. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС бөлүштүрүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 317-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-317

---

1. КНС төлөөчү салык салынуучу жана бошотулган берүүлөрдү жүзөгө ашырууда салыктык мезгилдин ичиндеги бошотулган берүүлөрдүн наркы берүүнүн бүткүл наркынын 5 пайызынан ашпаса, сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн КНС суммасы толугу менен эсепке алынат.

2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн эсепке алынууга тийиш болгон КНС төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

1) салык салынуучу берүүлөрдү түзүүгө арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы эсепке алынууга тийиш;

2) бошотулган берүүлөрдү түзүүгө арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы эсепке алынууга жатпайт;

3) КНС калган бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү төмөнкүдөй өлчөмдө эсепке алынууга тийиш:

бөлүштүрүлбөгөн КНС суммасы x А / А + Б эсепке алынууга тийиш болгон суммага = (барабар), мында: А - салыктык мезгил үчүн берүүлөрдүн салык салынуучу наркы; Б - салыктык мезгилде жүзөгө ашырылган бошотулган берүүлөрдүн наркы.

3. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Кийин салык салынуучу берүүлөрдү жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган материалдык ресурстарды сатып алууда, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эсепке алынган КНС, ушул материалдык ресурстар бошотулган берүүлөрдү жана/же КНС салуунун объекти болбогон берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылган мезгилде түзөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [316-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-316)  
Кийинки берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-318)
