# 316-берене. Эсепке алууга жатпаган сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 316-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-316

---

1. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС төмөнкү учурларда сатып алынган материалдык ресурстарга карата эсепке алууга жатпайт:

1) салык салынуучу берүүлөрдү түзүүгө эмес;

2) геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштери үчүн тийиштүү лицензиянын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде;

3) оюн-зоок жана бош убакыт чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн КНС төлөөчү тарабынан сатылып алынгандарды кошпогондо, эс алууну, оюн-зоокту уюштуруу максатында.

2. Сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС төмөнкү учурларда эсепке алууга жатпайт:

1) эгерде мындай КНС ушул Кодекстин жоболорун бузуу менен эсепке алынса;

2) табигый азаюу ченеминен ашкан жоготулган материалдык ресурстар боюнча;

3) жараксыз эсеп-фактура боюнча;

4) бардык милдеттүү реквизиттери толтурулбаган эсеп-фактура боюнча;

5) импорттолуучу материалдык ресурстардын фактуралык наркына транспорттук чыгымдарды, камсыздандырууну, акциз салыгын, бажы төлөмдөрүн эске алуу менен кошуп эсептелүүчү КНСтин суммасынан бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу наркка кошуп эсептелген КНСтин ашыкча суммасына.

6) акциз салыгын эске алуу менен импорттолуучу материалдык ресурстардын фактуралык наркына кошуп эсептелүүчү КНСтин суммасынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу наркка кошуп эсептелген КНСтин ашыкча суммасына.

Эгер ушул Кодексте башкача каралбаса, фактуралык нарк - эсеп-фактурасында же инвойсто көрсөтүлгөн товардын наркы.

3. Эсепке алынууга жатпаган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо материалдык ресурстардын эсептик наркына киргизилет.

4. Эгерде КНС төлөөчү ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонсо, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынууга жатпайт.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай түрдө жана/же товар алмашуу (бартердик) операциясы боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-315)  
Кийинки берене: [317-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-317)
