# 315-берене. КНС эсепке алуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 315-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-315

---

1. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, КНС төлөөчүгө салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын эсепке алуу укугу берилет. Эгерде КНС төлөөчү сатып алынган материалдык ресурстардын айрым бөлүгүн салык салынуучу берүүлөрдү түзүүгө, айрым бөлүгүн бошотулган берүүлөрдү берүүлөргө пайдаланса, аларды салык салынуучу берүүлөрдө пайдалануунун салыштырма салмагына жараша аныкталуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы эске алынат.

2. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн сатып алынган материалдык ресурстар болуп берүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында КНС төлөөчү тарабынан алынуучу же импорттолуучу негизги каражаттар, товарлар, чийки зат, материалдар, отун, комплекттөөчү буюмдар, ошондой эле аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар саналат.

3. Ушул берененин 1-пунктунда каралган эсепке алуу укугу КНС төлөөчүдө төмөнкүдөй шарттарда пайда болот:

1) КНС төлөөчү тарабынан:

а) товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө КНС төлөөчүдөн сатылып алынса; жана

б) ушул Кодексте белгиленген тартипте таризделген эсеп-фактураны алынса; жана/же

в) (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) товар алмашуу (бартердик) операциясын жүргүзүү аркылуу төлөм жүргүзүүнү кошпогондо, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөм накталай эмес формада жүргүзүлсө;

2) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо КНС салыгын төлөөчү тарабынан:

а) ЕАЭБ бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларга бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө; жана

б) импорттолгон товарлар боюнча импортко КНС бюджетке төлөнгөндө;

3) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо КНС төлөөчү тарабынан:

а) кыйыр салыктар боюнча салык отчету берилгенде; жана

б) импорттолгон товарлар боюнча импортко КНС бюджетке төлөнгөндө;

4) КНС төлөөчү - салык агенти тарабынан иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюмдардан, Кыргыз Республикасынын аймагы берүүнүн орду катары таанылган жумушту жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алууда бюджетке КНС төлөгөндө, өзүнүн дарегине эсеп-фактура таризделгенде.

4. Эгерде сатылып алынган материалдык ресурстардын иш жүзүндөгү саны сатып алуу документтеринде көрсөтүлгөн сандан айырмаланып турса жана ушул айырма табигый азаюу ченемдеринин чегинде турса, анда эсепке алуу укугу салык төлөөчүгө сатып алуу документтеринде көрсөтүлгөн суммага карата берилет. Болбосо эсепке алынуучу сумма сатып алынган материалдык ресурстардын иш жүзүндөгү санына карата түзөтүлөт.

Табигый азаюунун тармактык ченемдери жана айрым субъекттерге карата табигый азаюунун ченемдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. Эсепке алуу укугу салык төлөөчүгө өндүрүштүк жараксыздыкты жана технологиялык жоготууларды эске алуу менен салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн багытталган сатып алынган материалдык ресурстарга карата берилет.

Табигый азаюунун жана технологиялык жоготуулардын ченемдери салык саясатында салык төлөөчү тарабынан белгиленет.

6. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмга салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын эсепке алуу укугу берилбейт.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 , 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [314-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-314)  
Кийинки берене: [316-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-316)
