# 314-берене. КНС эсептөөнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 314-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-314

---

1. КНС эсептөө ушул Кодекстин 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Салык салынуучу берүүлөргө карата бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасы салыктык мезгилде КНС салыгын төлөөчү тарабынан жүзөгө ашырылган бардык салык салынуучу берүүлөр боюнча эсептелген КНС суммасы менен ошол эле салыктык мезгилде чегерилүүгө тийиш болгон, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

3. Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдардан берүү орду болуп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылган электрондук кызмат көрсөтүүлөр, салыктык базаны аныктоо учуру кызмат көрсөтүү үчүн төлөм (жарым-жартылай төлөм) алынган салыктык мезгилдин акыркы күнү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [313-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-313)  
Кийинки берене: [315-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-315)
