# 312-берене. Эркин кампалардын аймагынан товарларды ташып чыгууда КНС төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-312>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-312.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 312-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-312

---

1. ЕАЭБ товарларын эркин кампанын аймагынан Кыргыз Республикасынын калган аймагына ташып чыгууда, анын ичинде ушул товарларды эркин кампалардын ээлери болуп саналбаган жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда импортко КНС салынат.

2. Эркин кампанын аймагы аркылуу товарларды ташууда КНС башкаруу ЕАЭБ мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-311)  
Кийинки берене: [313-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-313)
