# 311-берене. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден товарлардын импортунун салык салынуучу наркы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=2264..13809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 311-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-311

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, товарлардын импортунун салык салынуучу наркы келишимдин шарттарында каралган сатып алынган товарлардын наркынын негизинде аныкталат.

2. Эгерде келишимдин шарттары боюнча бүтүмдүн баасы сатып алынган товарлардын наркынан, ошондой эле башка чыгымдардан турса жана мында сатып алынган товарлардын наркы жана/же башка чыгымдардын наркы өзүнчө көрсөтүлсө, анда сатып алынган товарлардын наркы гана импорттун салык салынуучу наркы болуп саналат.

3. Эгерде келишимдин шарттары боюнча бүтүмдүн баасы сатып алынган товарлардын наркынан, ошондой эле башка чыгымдардан турса жана мында сатып алынган товарлардын наркы жана/же башка чыгымдардын наркы өзүнчө көрсөтүлбөсө, анда импорттун салык салынуучу наркы келишимде көрсөтүлгөн бүтүмдүн баасы болуп саналат.

4. Товарлардын импортунун салык салынуучу наркына импорттолуучу акциздик товарларга карата акциз салыгынын суммасы кирет.

5. Чийки затты кайра иштетүүнүн продуктулары болуп саналган товарлардын импортунун салык салынуучу наркы ушул чийки затты кайра иштетүү боюнча жумуштардын наркынын өлчөмүндө аныкталат.

6. (КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [310-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-310)  
Кийинки берене: [312-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-312)
