# 309-берене. Салык салынуучу берүүнүн жана эсепке алынууга тийиш болгон КНС наркын түзөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 309-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-309

---

1. Берилген товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы өзгөргөн учурда салык салынуучу берүүнүн наркы да тиешелүү түрдө түзөтүлөт.

2. Төмөнкүлөрдү кошуп алганда салык салынуучу берүүнүн наркын түзөтүү бүтүмдүн шарттары өзгөргөн учурларда жүргүзүлөт:

1) товар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;

2) баа өзгөргөндө;

3) аткарылган жумуштардан жана/же кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартылганда;

4) товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акы кайтарылганда.

Салык салынуучу берүүнү, анын ичинде КНС түзөтүү ушул бөлүктө көрсөтүлгөн учурлар орун алган салыктык мезгилде жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн наркынын баары же бөлүгү өнбөй турган карыз болуп саналса, анда КНС төлөөчү өнбөс карыз деп таанылган салыктык мезгилде өнбөй турган карыздын суммасына карата салык салынуучу берүүнүн наркына түзөтүү жүргүзүү укугуна ээ.

4. КНС төлөөчү өзүнө ушул берененин 3-бөлүгүндө берилген укуктарды пайдалангандан кийин берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алынган учурда салык салынуучу берүүнүн наркы ошол акы алынган салыктык мезгилде төлөнгөн акынын наркына жогорулатылууга тийиш.

5. Эгерде КНС төлөөчүнүн сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча милдеттенмеси шектүү деп таанылса, ушул милдеттенмеге киргизилген КНС суммасы милдеттенме шектүү деп таанылган салыктык мезгилде эсепке алуудан чыгарып салынууга тийиш.

Эгерде шектүү милдеттенме толугу менен же жарым-жартылай төлөнсө, анда милдеттенменин төлөнгөн бөлүгүнө таандык болгон сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы акы төлөө жүргүзүлгөн салыктык мезгилде эсепке алынууга тийиш.

6. Алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасын түзөтүү КНС суммасы боюнча төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) мурда эсепке алынган сатылып алынган материалдык ресурстарды кийин салык салынуучу берүүлөрдү түзбөө үчүн пайдаланганда;

2) алынган материалдык ресурстардын наркына мурда киргизилген, аларды кийин салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн, анын ичинде салык мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу пайдаланганда.

Ушул пунктчада каралган түзөтүүлөр салык мыйзамдарынын аталган өзгөрүүлөрү күчүнө кирген датадан кийин салык салынуучу берүүлөрдү түзүү үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарга карата колдонулат. 6-1. КНС төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөн учурда мурда чегерүүгө кабыл алынган КНСтин суммасы салык салуу боюнча КНСтин суммасын төмөнкүлөргө түзөтүү жолу менен азайтылууга тийиш:

1) эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктарына;

2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттарга жана/же материалдык эмес активдерге;

3) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде мурда КНС эсепке алынууга кабыл алынган, бирок доонун эскирүү мөөнөтүнөн ашпаган бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттерине.

6-2. Эгерде КНС төлөөчү атайын салык режимине өткөнгө чейин жалпы салык режими колдонулган мезгилде бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттери боюнча алынган төлөмдөн КНСти салык салынуучу берүү датасына чейин, бирок доонун эскирүү мөөнөтүнөн ашпаган убакытта төлөсө жана бул берүү атайын салык режимине өткөн датага карата жүзөгө ашырылбаса, анда атайын салык режимине өткөн датага карата КНС боюнча салык милдеттенмеси мурда төлөнгөн, бирок атайын салык режимине өткөн датага чейин жүзөгө ашырылбаган берүү боюнча КНСтин суммасына азайтылууга тийиш.

7. Ушул беренеде көрсөтүлгөн учурларда сатып алынган материалдык ресурстардын наркын өзгөртүүдө, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС тийиштүү түрдө түзөтүлөт. Түзөтүүнүн суммасы ушул беренеде көрсөтүлгөн учурлар болгон салыктык мезгилде эсепке алынууга же эсептен чыгарып салынууга тийиш.

8. Ушул бөлүмгө ылайык жараксыз деп таанылган эсеп-фактуралар боюнча салык салынуучу берүүлөрдүн наркы жана сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС суммасы түзөтүлбөйт. Мындай түзөтүү КНС боюнча салык милдеттенмеси көбөйүү жагына жүргүзүлгөн учурларга бул ченем жайылтылбайт.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [308-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-308)  
Кийинки берене: [310-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-310)
