# 308-берене. Берүүлөрдүн салык салынуучу наркы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 308-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-308

---

1. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, берүүнүн салык салынуучу наркы болуп ушундай берүүлөргө карата КНС жана сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасын эсепке албастан, төлөнүүчү же төлөөгө тийиш болгон жалпы сумма саналат.

2. Иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген, чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүчү жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүлөрүнө карата берүүлөрдүн салык салынуучу наркы болуп КНСти эсепке албастан, чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине салыкты эске алуу менен төлөнүүчү же төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма саналат.

3. Акы төлөө натуралай түрдө жүргүзүлгөн учурларда, берүүнүн салык салынуучу наркы деп КНС жана сатуудан алынуучу салык кемитилгенден кийинки товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы саналат.

4. Товарларды кайтарымсыз негизде берүүлөрдө товарлардын эсептик наркы берүүнүн салык салынуучу наркы болуп саналат.

5. Мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү кошпогондо, салык салынуучу нарк эсептик нарктан төмөн болушу мүмкүн эмес.

6. Берүүнүн салык салынуучу наркы төмөнкүлөрдү да камтыйт:

1) КНС жана сатуулардан салыкты кошпогондо берүү үчүн же берүү менен байланыштуу төлөнүүчү салыктардын суммасын;

2) салык төлөөчүнүн айрым керектөөчүлөргө товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда мамлекеттик жөнгө салынуучу бааларды же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктерди колдонушуна байланыштуу бюджет тарабынан берилген субсидиялардын суммасын.

7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү мамлекеттик алымдар берүүнүн салык салынуучу наркына киргизилбейт.

8. Ушул бөлүмдө эсептик нарк деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) товардык-материалдык запастар боюнча - сатып алууга жана өндүрүүгө кеткен чыгымдар;

2) негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер боюнча - сатып алууга жана өндүрүүгө кеткен Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык чегерилген амортизациянын суммасына азайтылган чыгымдар.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [307-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-307)  
Кийинки берене: [309-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-309)
