# 307-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=2264..13809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 307-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-307

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык салынуучу берүү боюнча КНС үчүн салык базасы болуп ушул Кодекстин 308-беренесине ылайык аныкталуучу берүүнүн салык салынуучу наркы саналат.

2. ЕАЭБ мүчө болуп саналбаган мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча КНС салыктык базасы ушул Кодекстин 310-беренесине ылайык аныкталуучу импорттук товарлардын салык салынуучу наркы болуп саналат.

3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча КНС үчүн салык базасы болуп ушул Кодекстин 311-беренесине ылайык аныкталуучу импорттук товарлардын салык салынуучу наркы саналат.

4. Ушул берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, тобокелдиктерди башкаруу тутумуна ылайык тобокелдиктин белгилери бар КНС салык базалары Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [306-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-306-1)  
Кийинки берене: [308-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-308)
