# 305-берене. Аба кемелеринин транзиттик рейстерин тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр жана эл аралык ташуулар менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 305-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-305

---

1. Темир жол транспорту менен эл аралык ташуулар менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, аба кемелеринин транзиттик рейстерин тейлөө боюнча, ошондой эле эл аралык ташууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр КНС нөлдүк ставка менен берүү болуп саналат.

2. Ушул беренеде жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташуу менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү көрсөтүүлөр болуп саналат:

1) жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө, төгүү-куюу боюнча;

2) экспедициялоо боюнча;

3) авиациялык күйүүчү майды куюп берүү жана/же төгүү боюнча;

4) аэронавигациялык, метеорологиялык, жердеги-штурмандык, аэропорттук жана жердеги тейлөө боюнча;

5) техникалык тейлөө боюнча;

6) бортко тамактарды жана суусундуктарды берүү жана жеткирүү боюнча;

7) аба кемесин тазалоо боюнча;

8) эл аралык ташууларга жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташууларга билеттерди сатуу жана брондоо боюнча.

---

Мурунку берене: [304-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-304)  
Кийинки берене: [306-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-306)
